Россиянын мигранттарга карата жаңы мыйзамдары: Эмне үчүн кыргызстандыктарга зыянга караганда, пайдалуу болушу мүмкүн?Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорго жана ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүнКыргызстан агросекторду жеңилдетилген насыялоого 13 миллиард сомдон ашык каражат багыттайтДүйнө Иран менен АКШнын ортосундагы жаңжалдын курчушун күтүп жататМосквада Кыргыз илим жана маданият үйү ачылатМСК салыктарды санариптештирүүнү көздөп жатат. Бизнес үчүн эмнелер өзгөрүшү мүмкүн?
Эрназар Акматалиев Казакстандагы мелдеште алтын утту
23.12.2024 | 14:43
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 6 медаль утту (1 алтын, 5 коло). Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Тараз шаарында Динмухаммед Кунаевдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн.
Эрназар Акматалиев (70 кг) алтын утса, Азим Абдыкалыков (57 кг), Алмаз Сманбеков (61 кг), Аден Сакыбаев (70 кг), Өмурбек Таалайбек уулу (74 кг) жана Орозобек Токтомамбетов (74 кг) коло медаль тагынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт