Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Оштун мэринин эки орун басары кызматтан кетти
19.02.2026 | 15:06

Ош шаарынын мэринин орун басарлары өз арызынын негизинде кызматтарын тапшырышты. Бул тууралуу шаардын мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, орун басарлар Сонунбек Жунусбаев менен Мирлан Казыбай уулу кызматтарынан бошотулушту. Алар эмне себептен кызматтан кеткени тууралуу маалымат берилген жок.
Кечээ, 18-февралда, Жеңишбек Токторбаев өз арызы менен Оштун мэри кызмат ордунан кетти. Анын ордуна мурдагы депутат Жанар Акаев мэр болуп дайындалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат