Баткен облусунун башчылыгынан алынган Абдикарим Алимбаев жаңы кызматка дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алимбаев УКМК төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды.
Президенттин башка жардыгы менен Уларбек Шаршеев Чек ара кызматынын башчысы кызматынан алынган. Ал бул кызматты 2017-жылдан бери ээлеп келе жаткан.
Абдикарим Алимбаев Баткендин облус башчысы кызматынан алынды