«Жаштык Аренада» КРСУнун тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү кечеси өтөтБУУнун башкы катчысы: жасалма интеллект теңсиздикти эмес, адамдарды колдоого тийишAir China Пекин — Бишкек — Пекин багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачатБишкекте баңгизат колдонгон абалдагы айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти18-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +43° чейин көтөрүлөтМанастагы «Даңк аллеясы»: аза күткөн эне, өчпөс от жана үч миң ысым
Ысык-Көлдөгү чокуга «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деген ат берилет
24.12.2024 | 10:21
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети Ысык-Көлдөгү аты жок тоо чокусун «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деп атоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Ал чоку Ак-Суу районунда Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан. Анын бийиктиги 5576 метрге жетет.
Бул мыйзам долбоору президенттин жарлыгынын негизинде жана Кыргызстан менен БУУнун өз ара алакасын арттыруу үчүн иштелип чыккан.
Документте айтылгандай, Кыргызстан БУУга 1992-жылы 2-мартта кирген. БУУ эл аралык абройлуу уюм болуп саналат. Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом