№1 тергөө абагында отурган 20дан ашык киши ачкачылык кармоодо

№1 тергөө абагында отурган 20дан ашык киши ачкачылык кармоодо

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган 20дан ашык киши ачкачылык кармап жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында камакта отурган жарандардын укуктары бузулуп жатканы тууралуу маалымат чыкканына байланыштуу институттун кызматкерлери 23-декабрда кайрадан №1 тергөө абагына барып, камактагылар менен баарлашкан.

Камактагылардын айтымында, 20-декабрдан тарта жыйырмадан ашык киши ачкачылык кармап жатат. Мындай ачкачылык жарыялоо менен алар күч колдонууну токтотууну жана жактоочулар менен тоскоолдуксуз жолугушууну камсыз кылууну талап кылышууда.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери кармалгандардын айрымдарынын дене-боюн карап чыккан. Алардын ичинен экөө (К.Д. жана Д.Ш.) акыйкатчынын атына арыз менен кайрылып, тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгонун билдиришкен.

Алардын айтымында, кызматкерлер аларды союл (дубинка) менен сабап, тепкилешкен. Денелеринде ур-токмоктун белгилери — шишиктер жана көгала тактар бар экени аныкталган. Жабырлануучулар криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү. Алар медициналык жардам да көрсөтүлбөгөнүн айтышкан.

Ошондой эле 21-декабрдан кийин камактагылардын жактоочулары менен жолугушуу графигине өзгөртүү киргизилип, ага ылайык ишемби жана жекшемби дем алыш күндөрү делип жолугушууларына чектөө коюлган. Бирок Акыйкатчы институту айыпталуучу өз жактоочусу менен көзмө-көз жолугуп, баарлашуусуна чектөө болбошу керектигин белгиледи. Институттун кызматкерлери Башкы прокуратурага жолугушуу графигин өзгөртүү тууралуу чечимдин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен кайрылган.

Андан тышкары камактагыларга күч колдонулганы боюнча материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Тергөө абагынын кызматкерлери 20-декабрда камераларга тыюу салынган заттарды киргизүүнү алдын алуу максатында тинтүү болгонун кабарлашкан.

Абактагылар ур-тепкиге кабылганы үчүн ачкачылык жарыялаганы айтылды. ЖАК эмне дейт?

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>