Кыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
Кара-Суудагы базардын аймагындагы жерлер мамлекетке кайтарылды
04.04.2025 | 15:50
Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы базардын аймагында жайгашкан жалпы аянты 5 миң 600 чарчы метрди түзгөн жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган базардын аймагы «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясына кирет, бирок ал иш жүзүндө коммерциялык максатта колдонулуп келген.
Атайын кызмат бул боюнча «Кыргызгипрозем» ишканасынын расмий маалыматтары тастыктаарын билдирди.
Тергөөнүн жүрүшүндө, аталган базардын аймагынын мурдагы ээлерине ай сайын 250 миңден 300 миң сомго чейин ижара акысы түшүп турганы, ал эми бир соода түйүнүнүн орточо наркы 60 миң долларды түзөрү аныкталган.
Жыйынтыгында жогоруда аталган жер тилкелер мамлекеттин балансына кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар