Мүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодоУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылдыКыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырды
Ноокатта дарыгерлер мыйзамсыз иштен алынган
04.04.2025 | 16:40
Ош облусунун Ноокат районунун аймактык ооруканасында мыйзамсыз иштен алынган дарыгерлер кайрадан жумушка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук прокуратура аймактык ооруканын жетекчиси эмгек мыйзамдарын бузуп, 4 бөлүм башчыны ээлеген кызматтарынан негизсиз бошотуу буйругун чыгарганын аныктаган.
Жүргүзүлгөн чаралардын натыйжасында, мыйзамсыз кабыл алынган буйруктар жокко чыгарылып, аталган кызматкерлер мурдагы жумуш ордуларына кайрадан кабыл алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар