Улуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт
Бишкекте веложүрүш өтүп, айрым көчөлөр жабылат
04.04.2025 | 14:48
6-апрелде Бишкек шаарында жазгы велосезондун ачылышы өтөт. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Сезондун ачылышына байланыштуу веложүрүш өткөрүлөт. Ал саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталат. Каттоо ошол жерде 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт. Жүрүштүн жалпы узундугу 5,5 кмди түзөт.
Иш-чарага байланыштуу көрсөтүлгөн күнү А. Масалиев проспектинин Байтик Баатыр көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейинки түндүк тарабы автоунаалар үчүн убактылуу жабылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом