Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Парламент Ысык-Көлдөгү чокуну «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деп атоону колдоду
25.12.2024 | 11:12
Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдөгү аты жок тоо чокуну «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деп атоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Ал чоку Ак-Суу районунда Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан. Анын бийиктиги 5576 метрге жетет.
Бул мыйзам долбоору президенттин жарлыгынын негизинде жана Кыргызстан менен БУУнун өз ара алакасын арттыруу үчүн иштелип чыккан.
Документте айтылгандай, Кыргызстан БУУга 1992-жылы 2-мартта кирген. БУУ эл аралык абройлуу уюм болуп саналат. Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом