Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү
Казакстанда учак жерге кулады. Анын ичинде үч кыргызстандык болгон (видео)
25.12.2024 | 15:28
Казакстандын Актау шаарында Баку – Грозный багыты боюнча учуп бараткан учак кырсыктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кырсык бүгүн, 25-декабрда Астана убактысы боюнча саат 11:10до болгон. Бакудан Грозныйга бараткан учак Актаунун аэропортуна авариялык конуу жасамак. Бирок аба майданына 3 чакырым жетпей жерге кулаган.
Азербайжандын ӨКМинин маалыматы боюнча, учакта 67 киши бараткан. Алардын ичинен бешөө экпиаждын мүчөлөрү болушат. Ошондой эле учакта Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Казакстандын 6 жана Кыргызстандын 3 жараны болгон.
Учурда жалпы 28 адам ооруканага жеткирилген. Калган жүргүнчүлөр каза тапканы кабарланууда.
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктар тууралуу маалыматты тактап жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом