Кыргызстан өзүнүн чыгармачылыгын “Интервидение–2025” сынагында көрсөтөтСары-Ташта артиллериялык бөлүкчөлөрдүн талаа жыйыны өтүүдөБорбор Азия: стратегиялык таасир үчүн күрөшУКМК Чүй облусунда мыйзамсыз миграция каналын бөгөттөдүКыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн жеке ассистенттердин саны көбөйдүМинКаб Төрагасы Кореянын Улуттук Жыйынынын делегациясы менен жолукту
Бишкекте жаран 72 жаштагы карыяны уруп, ал ооруканада көз жумган (видео)
26.12.2024 | 16:35
Бишкекте 72 жаштагы карыянын өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 17-декабрда 72 жаштагы карыя ур-сокку жеп, оор абалда ооруканага түшкөн. Ал эки күндөн кийин көз жумган.
Аталган факт боюнча “ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 37 жаштагы жаран (О.А.) кармалган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.