Жаратылыш ресурстары министри Япониянын элчиси менен экология жана тоо-кен тармагындагы кызматташууну талкууладыЮстиция министрлиги адвокаттардын ишинен кемчиликтерди аныктап, Этика боюнча комиссиядагы катышуусун убактылуу токтоттуКыргызстан Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди жеткирүүнү кайра жандандырууну каалайтКыргызстан мобилдик клиниканы каржылоону дагы эки жылга узартууну өтүндүНаманган менен Кыргызстан 55 млн долларлык фармацевтика өндүрүшүн биргелешип ишке ашырууну пландоодоКыргызстанда браконьерлик үчүн жаза күчөтүлдү — президент мыйзамга кол койду
Бишкекте жаран 72 жаштагы карыяны уруп, ал ооруканада көз жумган (видео)
26.12.2024 | 16:35
Бишкекте 72 жаштагы карыянын өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 17-декабрда 72 жаштагы карыя ур-сокку жеп, оор абалда ооруканага түшкөн. Ал эки күндөн кийин көз жумган.
Аталган факт боюнча “ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 37 жаштагы жаран (О.А.) кармалган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.