Бишкекте эки жаран зордуктоого шектелип кармалды

27.12.2024 | 12:31

Бишкекте эки жаран зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 19-декабрда милицияга аял киши (А.Г.) кайрылып, 24-ноябрда белгисиз адамдар зордуктаганы тууралуу билдирген.

Аталган факт боюнча “зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары 36 жаштагы К.Э. жана Д.Т. аттуу жарандар кармалган.

Scroll to Top