Бишкектеги жаңы жылдык концертте Клава Кока жана «Дискотека Авария» ырдайт

30.12.2024 | 14:38

Бишкекте 31-декабрда “Ала-Тоо” аянтында жаңы жылдык майрамдык концерт өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Концерт саат 18:00дө башталып, ага кыргыз эстрадасынын таанымал ырчылары, Россиянын белгилүү ырчысы Клава Кока жана «Дискотека Авария» тобу катышат.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайт.

Scroll to Top