Кыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайыКыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйт
Кыргызстанда эрежесиз эр уруштарды өткөрүүнү токтотуу керек, – Ташиев
02.01.2025 | 11:34
Кыргызстанда эрежесиз мушташтарды өткөрүүнү токтотуу керек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылуусунда билдирди.
Анын айтымында, бул жаштар үчүн туура эмес үлгү.
«Эрежесиз эр уруштар жаштарга, коомго зыян тийгизип жатат. Эрежесиз эр уруштарга катышкан спортчулардын көбү 40 жаштан кийин майып болуп калат. Бул спорт эмес, жөн гана мушташ. Учурда машыгып жүргөндөр олимпиадалык спорттун түрлөрүнө өтүшсүн», – деди ал.
Камчыбек Ташиев бул маселе боюнча Улуттук олимпиадалык комитеттин башчысына, федерацияларга кайрылып, чара көрүү керектигин айтты.
УКМКнын төрагасы билим берүү жана илимди өнүктүрүүгө басым жасоо зарыл экендигин кошумчалады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар