Министрлик мектептерде стоматология бөлмөлөрүн ачуу пландоодоЖогорку Кеңешке шайлоо. Каирде биринчи жолу шайлоо тилкеси ачылатОш шаарында таза суу бир суткага өчүрүлөтЧүйдөгү №2 аялдар абагындагы кемчиликтер жоюлуп, шарттар жакшыртылдыБишкекте 63 жаштагы аял жол кырсыгынан каза болду. Айдоочу изделүүдөМүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат
Кыргызстанда жаңы жыл күнү 64 мас айдоочу кармалды
02.01.2025 | 12:05
Жаңы жыл күнү 64 мас айдоочу кармалды.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, жол инспекторлору Жаңы жыл майрамын өткөрүү учурунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү.
Кызмат өтөө учурунда өлкө аймагында одоно жол эрежелерин бузган 2 миңден ашуун айдоочулар аныкталды.
Алардын ичинен:
– Мас абалында унаа башкарган 64 айдоочу;
– Көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырып айдаган 460 айдоочу кармалды.
Ошондой эле одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 301 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.
Ал эми өлкө аймагында жалпы 24 жол кырсыгы катталып, көпчүлүгү жеңил материалдык чыгымдар менен коштолгондугу белгиленди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар