Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдөРКӨФ Бишкекте мектептин жаңы имаратын курууга 1,8 млн доллар багыттайтКыргызстанда 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилетБишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылдыОшто Орусиядан мыйзамсыз алып келинген, баасы 1 млн сомдук алтын буюмдар аныкталды
Бишкектен 13 автобус Токмок жана Балыкчы шаарларына берилет
04.01.2025 | 11:59
Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык карамагындагы 13 автобус Токмок жана Балыкчы шаарларына өткөрүлөт. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, автобустар Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу өткөрүлөт. Аларды шаарлар ортосунда бөлүштүрүү транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган.
Токмок жана Балыкчы шаарларынын мэрлерине автотранспортторду муниципалдык менчикке кабыл алып, аларды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу тапшырылды. Мындан тышкары, алар жоболорду ишке ашыруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүшү керек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар