Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
2024-жылы Элдик курултай өткөрүүгө бюджеттен 39,5 млн сом жумшалды
04.01.2025 | 13:51
2023-жылдын декабрынын аягында Министрлер кабинетинин токтому менен туруктуу иштеген орган – «Элдик Курултайдын катчылыгы» мекемеси түзүлүп, анын курамына жети кызматкер кирген.
Финансы министрлигинин 2024-жылга республикалык бюджеттин долбооруна карата түшүндүрмө катында мекеме тарабынан аталган мекеменин функцияларын ишке ашырууга 8,9 млн сом бөлүнгөнү айтылат.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Бишкекте үчүнчү Элдик Курултайды даярдоого жана өткөрүүгө 30 миллион 672,3 миң сом каражат сарпталган. Натыйжада 2024-жылдагы Элдик Курултай өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 39 миллион 500 миң сом жумшалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар