Башкы прокуратура абаны булгаган компаниядан 132 млн сом өндүрдүАкылбек Жапаров Бишкекте метро куруу боюнча ТЭН даярдоону сунуштадыБишкекте Шакиранын концертине бир күндө 13 миңден ашык билет сатылдыЧоң-Капка өткөрмө бекетинен 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товарлар табылдыЖайылда 35 тонна дизелдик май ташыган бензовоз кырсыкка кабылып, Кара-Балта дарыясын булгадыАдылбек Касымалиев Минск шаарында «Иннопром. Беларусь» көргөзмөсүнө катышты
2024-жылы Элдик курултай өткөрүүгө бюджеттен 39,5 млн сом жумшалды
04.01.2025 | 13:51
2023-жылдын декабрынын аягында Министрлер кабинетинин токтому менен туруктуу иштеген орган – «Элдик Курултайдын катчылыгы» мекемеси түзүлүп, анын курамына жети кызматкер кирген.
Финансы министрлигинин 2024-жылга республикалык бюджеттин долбооруна карата түшүндүрмө катында мекеме тарабынан аталган мекеменин функцияларын ишке ашырууга 8,9 млн сом бөлүнгөнү айтылат.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Бишкекте үчүнчү Элдик Курултайды даярдоого жана өткөрүүгө 30 миллион 672,3 миң сом каражат сарпталган. Натыйжада 2024-жылдагы Элдик Курултай өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 39 миллион 500 миң сом жумшалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар