Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча өлкө чемпионаты башталат
08.01.2025 | 09:19
Бүгүн, 8-январда Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Өлкө биринчилиги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт.
Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим балбандары 55, 63, 72, 82, 97 кг салмактарда күч сынашат. Чемпионаттын жыйынтыгы менен күрөш боюнча улуттук курама команда түзүлөт.
Таймаштар саат 11:00до башталат. Ал УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Эскерте кетсек, өлкө чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 8-9-январда, эркин күрөшү боюнча 10-11-январда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт