Былтыр Кыргызстанда 72 миң 842 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Анын ичинен 9 миң 784 киши декабрда пенсияга чыккан. Ошондой эле эмгек стажы, маянасы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча берилген документтерге ылайык 2713 пенсионердин пенсиялар кайрадан эсептелинди.