Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Бекешев кагазга акча коротпош үчүн депутаттарга планшет алып берүүнү сунуштады (видео)
14.01.2025 | 13:28
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кагазга акча коротпош үчүн эл өкүлдөрүнө планшет алып берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 13-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.
Жыйында Бекешев колундагы топ кагаздарды көрсөтүп, бир эле депутатка берилген мыйзам долбоорлору жазылган кагаздар үчүн 1 миң сом кетип жатканын, акчаны үнөмдөө үчүн эл өкүлдөрүнө планшет алып берүүнү сунуштады. Ал учурда өлкөдө санариптештирүү жүрүп жатканын, парламент да ага өтүшү керектигин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом