Быйыл майдан тарта жарандар электр энергияга 1 сом 37 тыйындан төлөй баштайт

14.01.2025 | 14:46

Кыргызстанды быйыл электр энергиянын баасы 26 тыйынга кымбаттайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыр май айында жарандар үчүн 1 кВт/саат электр энергиянын баасы 1 сом 11 тыйынга чейин көтөрүлгөн. Быйыл майда ал 26 тыйынга кымбаттап, 1 сом 37 тыйынды түзөт.

Ибраев электр энергиянын баасы инфляцияга байланыштуу кымбаттай турганын айтты.

Scroll to Top