Кримтөбөл Камчы Көлбаевди жок кылуу мамлекет үчүн кабыл алынган чечим болгон. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Билим берүү министрлигинни, окуу жайлардын жетекчилери менен 16-январда өткөн жыйында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ күч алып, жер-жерлерде бийликке тамырын жайган.
«Алардын мамлекеттикиндей эле өз системасы болгон. «Мыйзамдагы ууру» президенти болгон, андан кийин башкалары турган. Ишкерлерден акча чогултуп турушкан. Күчтүү структурасы болгон.
Чынын айтайын, мамлекет үчүн мен мыйзамдагы ууруну жок кылуу тууралуу чечим кабыл алууга аргасыз болдум. Биз аны, андан кийин анын шериктерин, уюшкан кылмыштуу тобуна кирген адамдарды жок кылдык», — деди ал.
Ташиев өлкө уюшкан кылмыштуу топтон тазаланганын, ишкерлер мурдагыдай болуп аларга акча бербей калганын айтты.
Эскерте кетсек, кримтөбөл Камчы Көлбаев 2023-жылы октябрда УКМКнын операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Кийин ага тиешелүү байлыгы, аны менен байланышы бар адамдардын мүлкү мамлекетке алынганы кабарланган.