«Былтыркы сүрөт»: КУУда дене тарбия сабагы өтүлүүчү жайлар тууралуу билдирүүлөргө жооп беришти30-сентябрь: өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйтШакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылды
Өлкөдөгү бардык бала бакчаларга камералар орнотулат
17.01.2025 | 11:24
Кыргызстандагы мамлекеттик жана жеке бала бакчаларга камералар орнотулат. Мындай тапшырманы министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бергенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим бала бакчаларда тартип орнотуу, ишин көзөмөлдөө, коопсуздук чараларын күчөтүү максатында кабыл алынган.
Бул демилге тиешелүү мамлекеттик органдардын жана мекемелердин катышуусунда ишке ашырылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бала бакчанын тарбиячылары балдарга кол көтөрүп, урган учурлар болуп келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом