Кыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттүБишкекте жигиттер мушташып, аларды милиция кармады
Жалал-Абадда жайлоого мал айдап кетип жоголгон жаранды издөө иштери токтотулду
17.01.2025 | 16:26
Жалал-Абадда жайлоого мал айдап кетип дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери бүгүн, 17-январда токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, издөө иштери жоголгон жарандын туугандарынын макулдугу менен токтотулган.
Эскерте кетсек, Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы тургуну (М.Д.) 2024-жылы 15-декабрда Сүттүү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. ӨКМ билдиргендей, аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом