Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Далиев башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан алынган.
Башка жарлык менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кызматтан алынып, Ысык-Көл облусунун башчысы болгон.