Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт26-февраль: Өлкөдө жаан, кар жаайт«Сөзсүз эле үнүмдү көтөрүшүм керекпи?»: Эрулан Кокулов Тоң районундагы ооруканада ызы-чуу чыгардыМанас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталдыЖанар Акаев эртең мененки рейддер салтын улантып, Оштун көчөлөрүндө тартип орнотууну тапшырдыМектеп формасы классикалык стилде болушу керек. Министрлик парламентте айтылган сунуштарга жооп берди
Балыкчыда катуу шамалдын айынан ооруканада жаткан аял менен наристе жабыркады
23.01.2025 | 12:44
Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында катуу шамал болуп, ооруканада жаткан аял жана наристе жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, 23-январда таңкы саат 06:22де Балыкчыда ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге чейин жеткен катуу шамал болгон.
Шамал Балыкчыдагы аймактык оорукананын чатырын учуруп, тунуке жугуштуу оорулар бөлүмүнүн терезесин сындырган. Натыйжада палатада дарыланууда жаткан 32 жаштагы аял жана 2023-жылы туулган наристе жабыркаган. Абалдын абалы туруктуу, учурда дарыгерлердин кароосунан өтүп жатышат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом