Moody’s Кыргызстанды кредиттик рейтингин B2ге чейин жогорулаттыЖаан, тоолордо кар жана катуу шамал: 6-октябрга карата аба ырайы«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылды
Балыкчыда катуу шамалдын айынан ооруканада жаткан аял менен наристе жабыркады
23.01.2025 | 12:44
Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында катуу шамал болуп, ооруканада жаткан аял жана наристе жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, 23-январда таңкы саат 06:22де Балыкчыда ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге чейин жеткен катуу шамал болгон.
Шамал Балыкчыдагы аймактык оорукананын чатырын учуруп, тунуке жугуштуу оорулар бөлүмүнүн терезесин сындырган. Натыйжада палатада дарыланууда жаткан 32 жаштагы аял жана 2023-жылы туулган наристе жабыркаган. Абалдын абалы туруктуу, учурда дарыгерлердин кароосунан өтүп жатышат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом