Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалдыБишкекте өзгөчө кырдаалдарга даярдык текшерилүүдөСадыр Жапаров Такаити Санаэни Жапониянын премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктады
Кара-Сууда үч жигит уурулукка шектелип кармалды
27.01.2025 | 15:25
Оштун Кара-Суу районунда үч жигит уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 23-январда Оомат базарында иштеген сатуучу намаз окуганы чыгып кеткенде, белгисиз адамдар сатыкка коюлган 80 миң сомдук iPhone 14 Pro Max, 70 миң сомдук iPhone 14 Pro жана 60 миң сомдук iPhone 14 Pro телефондорун уурдап кеткен (жалпы 210 миң сом). Сатуучу милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында 25-январда шектүү катары 18 жаштагы С.З., Э.Э. жана А.Ж. кармалган. Алар Чүй, Бишкек жана Жалал-Абаддын тургундары болушат.
Учурда кармалгандардын башка уурулук фактыларга катыштыгы текшерилүүдө.