Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Бүгүн, 22-октябрга, карата аба ырайы
22.10.2025 | 09:00

Бүгүн, 22-октябрда, өлкөнүн түштүк аймактарында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Нарын жана Суусамыр өрөөндөрүндө күн булуттуу болот. Ал эми Ысык-Көл облусунда жаан жаап, айрым тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 3…8°C, күндүз 18…23°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 2…4°C, күндүз 19…21°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 8…10°C, күндүз 22…24°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 8…11°C, күндүз 22…26°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 5…7°C, күндүз 19…21°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…6°C, күндүз 13…15°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн -1…+1°C, күндүз 14…16°C болот.
- Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°C, күндүз 20…22°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом