Судья пара талап кылууга шектелүүдө

Судья пара талап кылууга шектелүүдө

Ички иштер министрлиги опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. Иштин катышуучуларынын бири сот системасынын өкүлү.

ИИМдин маалыматына караганда, жаран кызмат адамына карата мыйзамга ылайык чара көрүү өтүнүчү менен арыз менен кайрылган, ал ишти сотто кароого байланыштуу маселени чечүү үчүн 1000 АКШ долларын опузалап пара талап кылып жатканын билдирген. Арыз ээсинин айтымында, ал буга чейин бир нече ондогон миң сом акча каражатын алган.

2024-жылдын ноябрь айында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө бул мыйзамсыз аракетке райондук соттордун биринин судьясынын катыштыгы бар экендиги аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө пара түрүндө акча алуу фактылары катталган.

ИИМдин кызматкерлери пара алууга ортомчул болгон эки жаранды кармашып, алардан мурда атайын белгиленген акча каражаттары табылып, алынган.

Судьяга карата иштин ичинен бөлүнүп алынган материалдар боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси «Пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштерин улантуу үчүн ИИМдин Тергөө кызматына тапшырган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>