Баткендеги өкүлчүлүктүн аппараты отурган имаратка күн панелдери орнотулду

Баткендеги өкүлчүлүктүн аппараты отурган имаратка күн панелдери орнотулду

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын имаратына күн панелдери орнотулду. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

20 кВт болгон күн панелдери Кытайдын Sun Energy Co компаниясы тарабынан өкүлчүлүктүн аппараты менен кызматташуусунун алкагында орнотулган.

«Бул демилге экологиялык таза энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүүгө жана мамлекеттик мекемелердин электр энергиясына болгон чыгымдарын азайтууга багытталган», — деп айтылат маалымата.

Эскерте кетсек, 2024-жылы 12-октябрда өкүлчүлүктүн аппараты менен Sun Energy Co энергетика тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол койгон.

Аталган компания Кадамжайдын Ак-Турпак айыл аймагында 669,3 га жеге күн электр станциясын курат. Электр станциянын кубаттуулугу 250 МВт болуп, аны курууга 230 млн доллар жумшалат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>