Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Өлкөдө рейд учурунда жөө адамдарга 1,8 млн сом, айдоочуларга 14,7 млн сом айып салынды
03.02.2025 | 18:51
Кыргызстанда “Жөө жүргүнчү” рейди учурунда айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөргө айыптар салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Рейд 27-январдан 1-февралга чейин өткөрүлүп, жалпы 19 миң 317 жол эреже бузуу фактысы аныкталган. Алардын ичинен 1 миң 842 жөө адамга жолду туура эмес жерден өткөндүгү үчүн бир миң сомдон (жалпы 1 млн 842 миң сом), ошондой эле жөө өтмөктөн өтүп бараткан кишилерге жол бербеген 4 миң 920 айдоочуга үч миң сомдон (жалпы 14 млн 760 миң сом) айып салынган.
ЖКККББ 2024-жылы өлкөдөгү жол кырсыктардын 38%ы жөө адамдарды сүзүп кетүү менен коштолгонун, ага байланыштуу андай окуяларга жол бербөө үчүн рейд уюштурулуп, көзөмөл күчөтүлүп жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом