Ошто тургунду сабоого шектелгендер кармалды (видео)

Ошто тургунду сабоого шектелгендер кармалды (видео)

Ош облусунда жаранды сабоого шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 9-январда «Нейтрал» аталышындагы жаштар тобуна кирген бир нече жигит эркек кишини сабап, ага бычак сайган. Жыйынтыгында сабалган жаран ооруканага түшүп, ага бир нече операция жасалган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 23 жаштагы Т.Т.Н. жана 22 жаштагы И.Э.И. аттуу эки жигит кармалган. Алар тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланып, окуя катышкан башка адамдар такталууда.

Ошондой эле УКМК Ош шаарында өз ара уюшулган жаштар топторуна киргендер арасында алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатканын, анын алкагында Х.Н.У., Т.А.Т. жана Т.Т.Т. аттуу үч жаранга түшүндүрүү иштери өткөрүлгөнүн билдирди.

«Мындан тышкары, жаштар топторунун өкүлдөрүнүн башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан аларды «калкалоо» фактыларын аныктоо жана андай көрүнуштөргө бөгөт коюу боюнча атайын багыттагы иштер жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат жаштарды, анын ичинде спортчуларды ар кандай топтоптордун мыйзамсыз иштеринин алыс болууга чакырат.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>