Ноокатта мектептеги оңдоо иштери учурунда мамлекетке 1,1 млн сом зыян келтирилген

04.02.2025 | 18:21

Ош облусунун Ноокат районундагы К. Акматов атындагы “Борбаш” орто мектебинин жылытуу системасын оңдоодо мамлекетке зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ош облустук прокуратурасы аныктагандай, мектептин жылытуу системасын алмаштыруу, оңдоп-түзөө жана кошумча бөлмө куруу иштери боюнча жумуштар аткарылбаганына карабай, кабыл алуу документтери жасалмаланган. Жыйынтыгында негизсиз түрдө акча төлөнүп берилип, мамлекетке 1 млн 145,6 миң сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иш козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү облустук милицияга тапшырылган.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top