Жаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайыБыйыл Бишкекке 2 млн бир жылдык гүл отургузулатМурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот
Кышкы Азия оюндары: Кыргызстандык хоккейчилер Бахрейнди 29:0 менен утту
05.02.2025 | 13:48
Кыргызстандын хоккей курамасы Кытайда өтүп жаткан кышкы Азия оюндарынын алкагында экинчи жеңишине жетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Кыргызстандык спортчулар бүгүн, 5-апрелде өткөн экинчи беттешинде Бахрейн менен ойноп, аларды 29:0 эсебинде жеңди.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын хоккей курамасы бул жарышта Сингапур, Бахрейн, Кувейт менен В тайпасына түшкөн.
Биринчи оюнунда Кувейтти кошумча убакытта утуп, капчыгына 2 упай салган. Экинчи оюнундагы жеңишинен кийин дагы 3 упай алып, жалпы 5 упайы менен тайпасында биринчи орунга чыкты. Экинчи орунда Кувейт (4 упай), үчүнчүдө Сингапур (3 упай) турат. Бахрейн тайпанын аягында турат, анын бир да упайы жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом