Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда Кытайда Бруней-Даруссаламдын султаны Хассанал Болкиах менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Садыр Жапаров эки өлкө энергетика, IT-сектору, чийки затты кайра иштетүү, ошондой эле адал индустрия тармагында кызматташа аларын айтты. Ал Кыргызстан адал продукцияны сертификациялоонун эл аралык стандарттарын түзүүнү көздөп жатканын белгилеп, бул тармакта олуттуу экспертизага ээ болгон Бруней менен тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин сөз кылган.
Ошондой эле Бруней инвесторлорун Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай долбоорлоруна, анын ичинде гидроэнергетиканы, күн жана шамал электр станцияларын курууга катышууга чакырган.
Хассанал Болкиах Кыргызстан менен Брунейдин кызматташууну өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар экендигин билдирген.
Ал экономикалык кызматташтыкты чыңдоого даяр экендигин, ошондой эле туризм жана билим берүү тармагындагы долбоорлор боюнча иштешүүгө болорун айткан. Аны менен бирге Хассанал Болкиах Садыр Жапаровду расмий сапар менен Бруней-Даруссаламга келип кетүүгө чакырган.