Бишкектин Калыс-Ордо конушуна 650 орундуу жаңы мектеп салындыКытай менен чек арадагы көпүрө Кыргызстанга болжол менен $1 млн чыгым болушу мүмкүнБазар-Коргондо лицей окуучуларына мыйзамсыз аттестат берилген. Башкы прокуратури иш козгодуАдылбек Касымалиев Кытайга иш сапары менен барат«CYBERNOMAD FEST 2026»: Бишкекте улуттук кибермашыгуулар башталдыИюль айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 279,5 млн доллар акча которулган
Кыргызстандык эки боксчу Испаниядагы мелдештин финалына чыкты
07.02.2025 | 12:38
Кыргызстандык боксчулар Ислам Төрөбаев жана Ихтияр Нишанов Испанияда өтүп жаткан Boxam эл аралык мелдешинин финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Ислам Төрөбаев 57 кг салмакта күч сынашууда. Ал жарым финалдык беттеште казакстандык Жассулан Тилуембек жеңген. Эми алтын үчүн финалдык беттеште дагы бир казакстандык мушкер Еркхан Турдун менен кез келет.
Ал эми Ихтияр Нишанов 67 кг салмакта таймаш өткөрүүдө. Жарым финалда ал казакстандык Дулат Бекбауовду уткан. Финалда словакиялык Адолф Станек менен беттешет.
Боксчулар бул мелдешке башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында катышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт