1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты
Алтынбек Кудайбердиев каржы министринин орун басары болду
14.02.2025 | 16:40
Алтынбек Кудайбердиев каржы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Дайындоо тууралуу документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Кудайбердиев буга чейин Каржы министрлигинин Капиталдык салымдар башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. Былтыр ал министрликтин 100 жылдыгына карата “Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти” сыйлыгын алган. Быйыл 50 жашка толот.
Эскерте кетсек, буга чейин министрдин орун басары кызматын ээлеп келген Руслан Татиков 7-февралда кызматтан кеткен.

https://reporter.kg/karzhy-ministrinin-orun-basary-ruslan-tatikov-kyzmattan-ketti/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом