Кыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керек
Бишкекте Иран тасмалары көрсөтүлөт
14.02.2025 | 16:06
Бишкекте 17-18-февралда Иран тасмаларынын күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Борбор калаанын тургундарына Ирандын төрт тасмасы, анын ичинде үч көркөм жана бир анимациялык тасма тартууланат. Тасмалар Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө көрсөтүлөт.
17-февраль:
16.00 — «Симанын бүтпөгөн баяны» (субтитр);
18.00 — «Дарактын кучагында» (котормо).
18-февраль:
16.00 — «Ганорадан келген конок» (субтитр);
18.00 — «Без предварительной договоренности» (котормо).
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы