Жолдор, спорттук объектилер жана ипподром: Сокулукта кандай долбоорлор ишке ашырылуудаУКМК: №19 абактын жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалдыДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык жардам көрсөтүүчү пункттар уюштурулат«Жунда» мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо: завод Евро-5 стандартындагы күйүүчү май чыгарууга өтүүдөУКМК Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 303 чет элдикти аныктадыУрмат Абдукаимов футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды
ИИМ: Энергетика министринин мурдагы орун басары $220 миң доллар талап кылууга шектелүүдө
14.02.2025 | 16:58
Энергетика министринин мурдагы орун басары Э.Т. (Эркин Тавашаров – ред.) акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, Тавашаров чет элдик компанияга майнинг ишканасын ачууга көмөктөшүү үчүн 220 миң доллар сурап, азыркы энергетика министринин колу коюлган документтерди жасалмалаган. Ал 20 миң доллар алып жатканын жеринен кармалган.
Тавашаровго Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иш козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
ИИМ билдиргендей, учурда Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчилеринин жана кызматкерлеринин арасында энергетика тармагындагы мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом