Казакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдаштыУлуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыТрамп Кубаны «басып алуу» ал үчүн чоң сыймык болорун билдирдиБишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата рейддер башталдыЖергиликтүү продукция деп сатылган кытай картошкасы: Кыргызстанда рейддер башталатИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду
Бишкекте 45 мас айдоочу кармалды
15.02.2025 | 16:44
2025-жылдын 14-февралынан 15-февралына караган түнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан «Рулда» рейд жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 1242 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.
Бузуулар арасында:
– 45 айдоочу транспорт каражаттарын мас абалында башкарган;
– 16 айдоочу алдыңкы эшиктердин алдыңкы айнектерин жана каптал терезелерин караңгылатуу боюнча талаптарды бузган;
– 285 унаа атайын унаа токтотуучу жайларга жөнөтүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – мас абалындагы айдоочуларды аныктоо, ошондой эле унаалардын алдыңкы айнектерин мыйзамсыз караңгылатууга бөгөт коюу болду.
Патрулдук милиция кызматы айдоочуларга жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жол эрежесин сактоо керектигин эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар