ӨКМ ооруканалардагы өрт коопсуздугун текшерүүдө

ӨКМ ооруканалардагы өрт коопсуздугун текшерүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу мекемелерди өрт коопсуздугу боюнча пландан тышкары күчөтүлгөн текшерүү башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Текршерүү иштери ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен эреже бузууларды четтетүү боюнча жазма буйруктар берилүүдө. Аларды четтетүүгө иштин көлөмүнө жараша 3 күндөн 30 күнгө чейин убакыт берилет.

«Контролдук текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган бузуулар аткарылбаган учурда, Укук бузуулар кодексинин 143-беренесинин негизинде 23 миң сом пул салынат», — деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, Бишкекте 11-февралда болжол менен саат 21:00дарда Жүрөк хирургиясы институтунда өрт чыгып, 23:15те толук өчүрүлгөн.

Өрттүн айынан эки бейтап — 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм каза болгон. Дагы 9 адам иске ууланган. 31 бейтап башка ооруканаларга которулуп, операцияны күтүп жаткан 19 бейтап үйүнө жөнөтүлгөн.

Окуядан кийин ӨКМ Жүрөк хирургиясы институтуна буга чейин өрт коопсуздугу боюнча эскертүүлөр берилгенин, кемчиликтер жоюлбагандыктан айып пул салынганын билдирген.

Аталган окуяга байланыштуу өкмөт ӨКМге өлкөдөгү ооруканалардагы өрт коопсуздугун текшерүүну тапшырган.

ӨКМ Жүрөк хирургиясы институтуна буга чейин өрт коопсуздугу боюнча эскертме берилгенин билдирди

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>