Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Казакстандык жаран 5 кг синтетикалык баңгизат менен кармалды
10.02.2026 | 15:17

УКМК Кыргызстандын аймагына синтетикалык баңги заттарды жеткирүү каналына бөгөт койгонун билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, 8-февралда жүргүзүлгөн ыкчам тергөөнүн натыйжасында Казакстандын жараны салмагы 5 кг болгон синтетикалык баңгизат менен кармалды.
Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда баңгизат каналынын уюштуруучуларын аныктоого багытталган кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүү үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар