Улуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады«Кыргызкөмүр» 2025-жылы боюнча 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөн2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу сот иштери 24%га өстүКыргызстандын бизнеси 2025-жылдын I жарым жылдыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнө 82 млн долларга жакын инвестиция салды
Бишкекте карама-каршы жолго чыккан айдоочуларга үч саатта 360 миң сом айып салынды (видео)
20.02.2025 | 18:09
Бишкектин Анарбек Бакаев көчөсүндө карама-каршы тилкеге чыккан айдоочуларга 3 сааттын ичинде 360 мин сом айп салынды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 19-февралда кайгуул кызматкерлери Бакаев көчөсүндө (Лев Толстой менен кесилишке жакын жерде) карама-каршы тилкеге чыккан айдоочуларды тосуп, аларга жалпы 180 миң сом айып салган.
Бүгүн, 20-февралда кайгуул кызматкерлери ишин улантып, 3 сааттын ичинде карама-каршы тилкеге чыккан айдоочуларга 15 миң сомдон, жалпы 360 миң сом айып салган.
Эки күндө 540 миң сом айып салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом