Нооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайт
Азия кубогундагы оюндардан кийин жаштар курамасынын башкы машыктыруучу иштен алынды
21.02.2025 | 14:17
Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу Сергий Пучков кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Анын кызматтан алынышына жаштар курамасынын Азия кубогунда көрсөткөн ийгиликсиз оюндары себеп болгон. Бул мелдеште курама тайпадагы үч беттешинде тең ири эсеп менен жеңилген. Команда Австралияга 1:5, Кытайга 2:5 жана Катарга 0:4 эсебинде утулуп, Азия кубогунан четтеген.
Пучков менен бирге машыктыруучулар штабы дагы кызматынан бошотулду.
Эскерте кетсек, Сергий Пучков жаштар курамасынын машыктыруучусу болуп 2024-жылы декабрда дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом