Кыргызстанда 5 миңден ашык медицина кызматкери жетишсиз. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда «Ынтымак-Ордодо» өткөн президенттин администрациясынын жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов билдирди
Анын айтымында, 50 жаштан ашкан дарыгерлердин саны 3 миң 200дөн ашат, алардын көбү пенсия курагында.
«Жыл сайын жогорку окуу жайларды 2 миңге жакын дарыгер бүтүрөт. Бирок алардын төрттөн бир бөлүгү гана, мамлекеттик клиникаларга иштешет», — дейт Осмонов
Медицина кызматкери үчүн негизги фактор тажрыйба экенин айткан Осмонов аны мамлекеттик мекемелерде гана толук алууга болорун сөз кылды. Жаш адистердин толук кандуу практика жетишсиз жеке клиникаларга кетиши бейтаптардын ден соолугуна коркунуч жаратат.
«2023-жылы наристенин тиш доктурдун тажрыйбасыздыгынан каза болушу бул көйгөйдүн ачык далили болуп саналат», — деп баса белгиледи ал.
Ал билдиргендей, маселени чечүү үчүн министрликтер эмгек рыногуна деталдуу талдоо жүргүзүп, билим берүү менен эмгек рыногун байланыштырган механизмдерди, анын ичинде иш берүүчүлөр менен ЖОЖдордун ортосундагы милдеттүү келишимдерди түзүшү керек.
Осмонов билимди экспорттоо жана медициналык университеттерди лицензиялоо көйгөйлөрүнө да токтолду.
«Президенттин администрациясы бул жаатта одоно мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди аныктады. Лицензиялоо көбүнчө формалдуу мүнөзгө ээ, сапат талаптары этибарга алынбайт, ошол эле учурда айрым жеке менчик ЖОЖдордо материалдык-техникалык ресурстардын жана квалификациялуу окутуучулардын жетишсиздиги чечилбей келет», — деди ал.
Анын айтымында, бир нече ЖОЖдордо окутуучуларды жасалма жумушка алуу фактылары да аныкталган.
«Чет элдик студенттерге англис тилинде сабак өтүү талабы көп бузулууда. Тестирлөө жеке ЖОЖдордун мугалимдеринин үчтөн бир бөлүгү гана англис тилин жакшы биле турганын көрсөттү», — дейт ал.