Айылдык кеңештин депутаты мурдагы жубайын жана дагы бир аялды уруп-сабаган деп кармалды

Айылдык кеңештин депутаты мурдагы жубайын жана дагы бир аялды уруп-сабаган деп кармалды

Чүйдө Сары-Өзөн айылдык кеңешинин төрагасы Д.М. адам уурдоого, уруп-сабоого жана ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, аларга 37 жаштагы аял (Д.А.) кайрылган. Ал билдиргендей, мурдагы күйөөсү (Д.М.) үйүнө келип, аны «Тойота Фораннер» унаасына салып алып кеткен. Унаанын ичинде дагы бир аял (Т.Ч.) болгон. Мурдагы күйөөсү аны жана берки аялды Сокулук айылынын четине алып кетип, сабаган.

Бул окуя боюнча милицияга экинчи аял да (Т.Ч.) арыз жазган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) жана 165-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иштери козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 37 жаштагы жаран Д.М. кармалган. Ал Сары-Өзөн айылдык кеңешинин төрагасы экени аныкталган.

Тергөө учурунда шектүүдөн мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал табылып алган. Бул боюнча 267-берене (ок атуучу курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иш козголгон.

Соттун чечими менен ал №1 тергөө абагына камакка алынган.

Иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>