Ишеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди
Адылбек Касымалиев Астанада Касым-Жомарт Токаев менен жолугат
21.02.2025 | 17:38
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Астанага жасаган расмий сапарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
24-25-февралга пландалган сапарда Касымалиев коңшу мамлекеттин өкмөт башчысы Олжас Бектенов менен да көрүшөт. Аталган жолугушууларда эки өлкөнүн кызматташтыгы талкууланат.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев “Казакстан Гарыш Сапары” улуттук космос борбору, Казакстандын санариптик өкмөтүнүн кеңсеси сыяктуу бир катар объекттердин иши менен таанышып чыгат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом